
Брудный Арон Абрамович (1932), философия боюнча илимдердин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз ССРинин АНнын корреспондент мүчөсү (1987), илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996).
Еврей. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИни (1954), КГУни (1953) аяктаган, КГМИ жана КГУда аспирантурада окуган. 1964-жылдан бери Кыргыз ССРинин ИФиП АНында улук илимий кызматкер, бөлүм башчысы болуп иштеген.
Психологиянын методологиялык маселелери, түшүнүү жана ой жүгүртүү теориясы боюнча адис. СССРдин медалдары менен сыйланган. 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монография жана брошюра жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 3 докторлук жана 22 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Тилдин семантикасы жана адам психологиясы. Фрунзе, «Илим», 1972.
2. Түшүнүү жана байланыш. Москва, «Знание», 1989.
3. Башка адамды сен түшүнүшүң үчүн. Москва, «Знание», 1989.
4. Эгемен Кыргызстан: үчүнчү жол (автордук биргеликте). Бишкек, «Илим», 1993.
5. Кыргызы жана Кыргызстан (автордук биргеликте). Бишкек, «Илим», 1994.