Мамбетов Айып Мамбетович

Мамбетов Айып Мамбетович (1926),
экономика илигинин доктору, профессор
Кыргыз. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган.
КПССтин Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектепти жана аспирантураны аяктаган.
Мугалим, мектеп директору, колхоздун партиялык уюштуруучусу, райондук жана облустук партиялык комитеттерде, колхоз-совхоз өндүрүш башкармалыгында инспектор-уюштуруучу болуп иштеген.
Экономика жана эл чарбасын башкаруу боюнча адис.
90дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, окуу куралдары жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 10 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Уй чарбасын өндүрүшүн көбөйтүү жана анын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу резервдери. Фрунзе, «Кыргызстан», 1966.
2. Уй чарбасынын рентабелдүүлүгү боюнча маселелер. Фрунзе, «Кыргызстан», 1968.
3. Кыргызстандагы колхоздорду жана совхоздорду интенсивдештирүү маселелери. Фрунзе, «Кыргызстан», 1974.
4. Жогорку тоолуу райондордо айыл чарба өндүрүшүнүн интенсивдүүлүгү жана натыйжалуулугу. Фрунзе, «Кыргызстан», 1977.
5. Уй чарбаларынын натыйжалуулугу боюнча көйгөйлөр. Фрунзе, «Кыргызстан», 1983.