Канализация жана суу түтүктөрүн куруу Фрунзе шаарында. Документ №186 (ноябрь 1950 ж.)

КЫРГЫЗ ССР МИНИСТРЛЕР КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ «ФРУНЗЕ ШААРЫНДА КАНАЛИЗАЦИЯ ЖАНА СУУ ТҮТҮКТӨРҮН КУРУУГА БАГЫТТАЛГАН ЖЕНЕРАЛДЫК СМЕТАЛАРДЫ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ»
Фрунзе шаары 1950-жылдын 10-ноябры
Кыргызы ССР Министрлер Кеңеши чечет:
Кыргызы ССР коммуналдык чарба министрлиги тарабынан сунушталган 1950-жылдын 1-июлунан баштап киргизилген баалар боюнча Фрунзе шаарында куруу үчүн:
канализация (ишке киргизүү мезгили жана экинчи кезеги) 16946,10 миң рубль суммасында;
суу түтүгү (биринчи кезеги жана ишке киргизүү мезгили) 8648,8 миң рубль суммасында бекитилсин.
Кыргызы ССР Министрлер Кеңешинин орун басары Г. Искаков
Кыргызы ССР Министрлер Кеңешинин иш башкаруучусу К. Азыков
ЦГА КР. Ф. 350. Оп. 14. Д.861. Л.59. Тастыкталган көчүрмө.
Фрунзе, Ош, Нарын шаарларындагы жогорку окуу жайларынын уюштурулушу. Документ №185 (1951-жылдын майы)