1928-29-жылдардагы шаардык Кеңештин шайлоолору

1928-29-жылдардагы шаардык Кеңештин шайлоолору

Шаардык кеңештин иши


Шаардык Кеңеш шаар аймагындагы бийликтин жогорку органы болуп эсептелинет. Анын иши калктын жашоо жана турмушун жакшыртууга, жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди чечүүгө, жогору турган бийлик органдарынын токтомдорун аткарууга, бюджетти кабыл алууга жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган.

Шаарды көрктөндүрүү боюнча шаардык кеңештин аткаруу комитети жолдорду, суу түтүктөрүн, баткак жерлерди кургатуу, шаарды жарыктандыруу, жаңы курулган жана ачылган медициналык мекемелерди, мектептерди, ликбездердин тармагын кеңейтти. 1927-жылы жалпы 23 имарат курулуп, 11 436 чарчы метр пайдалы жашоо аянтына 1 522 427 рубль сарпталган, анын ичинде мал союучу жай, төрөт үйү, амбулатория, мамлекеттик банк, туберкулез диспансери, ооруканалар ж. б.

Турак үйлөрдү куруучуларга мындай жардамдар көрсөтүлүп, алар бир жылдын ичинде 262 турак жана 77 турак эмес үй курушкан, бул 1 348 000 рубльди түзгөн. Бул бардык иш-чаралар калктын негизги кызыкчылыктарына жооп берди. Натыйжада, шаардык кеңештин авторитети калктын көз алдында өсө баштады.

1928-жылы шаардык кеңештин иши уюшкандык менен өтүп, массаларга дагы жакындата түштү, шаардык Кеңештин экономикалык жана маданий курулуш маселелерин чечүүдөгү укуктары кеңейди.

Бул 1928-29-жылдардагы шаардык Кеңештин шайлоолорунда өзгөчө байкалган.

Бирок, шаардык Кеңештин шайлоолорунда шайлоо комиссиясы мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Фрунзе шаарында шайлоо укугунан ажыратылган адамдардын саны 2552ге жетип, бул жалпы шайлоочулардын 9,5%ын түзгөн. Шайлоо укугунан ажыратылган адамдардын тизмесин түзүүдө шаардык шайлоо комиссиясы бул адамдардын категориясын аныктоодо бир нече каталарды кетирген. Мисалы, шайлоо укугунан ажыратуу себептеринде: азык-түлүк, сүт, жумуртка, чулку, же бут кийимчи, жыгач устачы, тартмачы, тамак аш даярдоочу, нан бышыргыч, малчы ж. б. сыяктуу адамдардын аттары жазылган. Шайлоо укугунан ажыратылган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү "энеси", "аялы", " уулу", соодагерлер, бут кийимчи ж. б. себептер менен шайлоо укугунан ажыратылган деп көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, тизмелерде алардын жашы, кесиби же шайлоо укугунан ажыратылган адамдар менен бирге жашаганын тастыктаган маалыматтар жок болчу. Бул олуттуу кемчиликтер жана шайлоо комиссиясы тарабынан жасалган бурмалоолор шаардык Кеңеш тарабынан жоюлду. Шаардык Кеңештин алдында түзүлгөн комиссия, мурда мыйзамсыз шайлоо укугунан ажыратылган көптөгөн адамдарды шайлоо укугуна калыбына келтирди.

Полководец М. В. Фрунзенин эс тутумун түбөлүккө сактоо.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent