Киробкомдун ВКП(б) токтому. Документ №106 (1936-жылдын октябры)

КИРОБКOMДУН ВКП (б) ТОКТОМУ «СКУЛЬПТУРАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДЫ ОРГАНИЗАЦИЯЛОО ЖАНА СТРОИТЕЛЬСТИ»
Фрунзе шаары 11-октябрь 1936-жыл.
1. Фрунзе шаарындагы скульпторлорду бириктирүү жана аларга пландуу иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү максатында - Стройтресттин алдында скульптуралык мастерская уюштуруу.
2. Киргиз АССР СНКсына Кирстройтрестке мастерскаяны куруу үчүн 10000 рубль бөлүүнү жана бул курулушту лимит менен камсыздоону тапшырсын.
3. Кирстройтрестти ушул жылы мастерскаяны курууну аяктоого милдеттендирүү.
4. Госпланды мастерскаяны куруу үчүн керектүү курулуш материалдары менен камсыздоого милдеттендирүү.
Киробкомдун ВКП (б) катчысы Белоцкий
ЦГА ПД КР. Ф. 10. On. 1. Д. 714. Л. 145. Түпнуска.
Фрунзе шаарындагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү. Документ №105 (1936-жылдын сентябры)