Кумскова Наиля Хасановна

Кумскова Наиля Хасановна

Кумскова Наиля Хасановна (1934),


экономикалык илимдердин доктору (1983), профессор (1984)

Татарка. Ош облусунун Ош шаарында туулган.

Москва экономикалык институтун (1957) жана Кыргыз ССР ИЭ аспирантурасын (1967) аяктаган. КГИФКда окутуучу, улук окутуучу, доцент, КГМИде профессор, кафедра башчысы болуп иштеген, 1993-жылдан тартып - КРСУда кафедра башчысы, профессор. Социалдык экономика тармагында адис: калкты социалдык-экономикалык жана демографиялык маселелери.

Эл аралык жогорку мектеп академиясынын академиги (1997), Евразиянын эл аралык экономикалык академиясынын академиги (1998).

КРдин эмгек сиңирген билим берүү кызматкери (1997). 140тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 4 окуу куралы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандын калкынын кыймылынын мыйзамдылыктары. Фрунзе, «Кыргызстан», 1983.
2. Кыргызстандын калкы жана анын ден соолугун коргоо рыноктук экономикага өтүү шартында (авторлордун биригип). Бишкек, 1994.
3. Экономика жана адамдын репродукциясы. Бишкек, КРСУ, 1998.
4. Кыргызстандын айылдык аялдарынын кирешелерди алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Бишкек, 1999.
5. Кыргызстандагы рыноктук экономиканын модели. Бишкек. КРСУ, 2001.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent