Кыдынов Молдокерим

Кыдынов Молдокерим (1928),
химия боюнча илимдердин доктору (1972), профессор (1973)
Кыргыз. Алчалуу айылында, Чүй облусунда туулган.
Киргоспединститутту (1951) жана Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын химия институтунун аспирантурасын (1954) аяктаган. Ст. лаборант, кичи, улук илимий кызматкер, директордун орун басары, ИНФХнын директору болуп иштеген, 1994-жылдан тарта НАН КРнын ИХиХТ лабораториясынын жетекчиси.
Элементтердин химиясы, физикалык-химиялык анализ жана неорганикалык заттардын технологиясы боюнча адис.
СССРдин медалдары менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимпозу (1993). Кыргыз Республикасынын НАНнын ардактуу академиги (1998).
320дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монография, 19 автордук күбөлүк жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 14 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Литий, натрий, калий жана аммоний сульфаттары менен хлориддеринин өз ара аракеттенүүсүнүн физикалык-химиялык изилдөөсү (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим». 1969.
2. Тянь-Шандагы табигый туздардын физикалык-химиялык мүнөздөмөсү (автордук биргелешип). Москва, «Наука», 1970.
3. Бир жана эки валенттүү металлдардын туздарынан түзүлгөн физикалык-химиялык системалар. Фрунзе, «Илим». 1977.
4. Глициндин эки валенттүү металлдардын галогениддери менен өз ара аракеттенүүсү (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1988.
5. Биометаллдардын туздарынын лизин жана лизин гидрохлориди менен комплекстүү түзүлүшү (автордук биргелешип). Бишкек, «Илим», 1991.