Блешинский Станислав Владимирович (1919), химия боюнча илимдердин доктору (1966), профессор (1967), Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1979), илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (2).Орус. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Томск мамлекеттик университетинин химия факультетин (1941) аяктаган, Кыргыз ФАНда аспирантурада окуган. Кыргызстандын химия институтунда кичи илимий кызматкер, директордун орун басары, директор болуп иштеген, НАН КРдин ИХиХТ бөлүмүнүн башчысы. Сирек жана таралган элементтердин химиясы боюнча адис.
СССР медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы жана Ардак Грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимпозу. 320дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 монография, 28 автордук күбөлүгү жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 2 доктордук жана 24 кандидаттык диссертациялар корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Органикалык заттарды всаливалоо жөнүндө. Фрунзе, 1967.
2. Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар (биргеликте). Фрунзе, 1984.
3. Түндүк Кыргызстандын кен-өнөр жай комплексин түзүү маселелери (биргеликте). Фрунзе, 1983.
4. Метан меркарбиди (биргеликте). Фрунзе, 1988.
5. Кара сланецтерде комплекстүү рудалардын кендерин болжолдоо жана баалоо. Бишкек, «Бим-Принт», 2001.