Кыргызстанда биринчи жолу Tech and Science Fest технологиялык фестивалы өтөт. Инновациялар тармагындагы маанилүү иш-чара 8-9-ноябрда “Бишкек Парк” соода борборунда өтүп, илим жана жаңы технологияларга арналат.
Илим жана технология фестивалы кыргызстандыктарга жаңы технологиялар менен таанышууга, дүйнөлүк таанууга ээ болгон гаджеттерди жана түзмөктөрдү сынап көрүүгө, ошондой эле учкучсуз дрондор чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Илим, чыгармачылык жана интеллектуалдык байланышка кызыгууну арттыруу максатында MegaCom уюму тарабынан колдоого алынган билим берүү долбоору башталат.
Tech and Science Festке катышканда сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет:
жаңы технологияларды көрүп, сынап көрүү
өзгөчө түзмөктөрдү көрсөтүү үчүн биринчи кыргызстандыктардан болуу
робототехника сырларын билүү
интеллектуалдык оюндарга катышуу
баалуу сыйлыктарды утуп алуу
Темалык аянтчаларда төмөнкү түзмөктөр эркин жеткиликтүү болот:
Виртуалдык чындык шлемдери (Samsung Gear VR, Google cardboard, Oculus Rift)
3D принтер, үч өлчөмдүү маалыматтарды чыгарууга мүмкүндүк берген
Liquid Galaxy, дүйнөнүн каалаган бурчуна бир нече секундда учууга мүмкүнчүлүк берген түзмөк
Rasberry Pi, банкомат картасынын өлчөмүндөгү бир платалык компьютер
Leap Motion, колдонуучунун үстөлүнө арналган, иштөө бөлүгү жогору карап турган кичинекей USB-түзмөк, 227 кубикалык дециметрге жакын 3D өз ара аракеттешүү аймагын түзөт.