
Чубаков Тулеген Чубакович (1953),
медициналык илимдердин доктору (1992), профессор (1993)
Кыргыз. Нарын облусунун Ат-Баши районунун Баш-Кайынды айылында төрөлгөн.
КГМИни (1976) жана СССРдин М3 борбордук туберкулез институтунда аспирантураны (1981) аяктаган.
Ассистент, доцент, кафедра башчысы, КГМИнин деканы болуп иштеген, 1993-жылдан бери медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди үзгүлтүксүз даярдоо республикалык борборунун директору жана КГМАнын кафедра башчысы.
Фтизиатрия, пульмонология жана психиатрия тармагында адис.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Өпкө туберкулезу жана алкоголизм (авторлоштукта). Москва, «Медицина», 1985.
2. Балдардын физиологиясы жана кээ бир оорулары (авторлоштукта). Бишкек, «Эркин-Тоо», 1982.
3. Психикалык оорулар жана наркоманиялар учурундагы өпкө туберкулезу (авторлоштукта). Москва, «Медицина», 1996.
4. Сөөктөрдүн жана буйнардын ооруларынын рентгеносемиотикасы (авторлоштукта). Бишкек, «Эркин-Тоо», 1996.