Кадыралиев Асанбек Ражапович
Кадыралиев Асанбек Ражапович Сүрөтчү. 1958-жылдын 9-январында Чон-Кемин айылында төрөлгөн. 1983-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөтчүлүк училищесин, ал эми 1989-жылы А. Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык-сүрөт институтун, сүрөт бөлүмүн аяктаган. 1989-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин сүрөт, живопись жана скульптура кафедрасында мугалим болуп иштейт. 1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.