Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөнүн абалы 2008-2012-жж.
Кыргыз Республикасынын аймагы 2013-жылдын 1-январына карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 199,9 миң квадрат метрди түзгөн. Республикадагы жер аянтынын эң чоң үлүшү запастагы жерлерге (44,5 пайыз), айыл чарба максатындагы жерлерге (32,5 пайыз) жана токой фондунун жерлерине (13,1 пайыз) таандык.