Шаардык мэриянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, конкурстун максаты окууну популяризациялоо, маданий мурастарды сактоо жана борбордун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Бул этапта 11 команда, райондук турларда жеңүүчү болгон мектеп окуучулары катышты.
Эмгек сиңирген артист, театр жана кино актеру Руслан Оразакунов конкурстун калыстар тобун жетектеди.
Конкурстун жыйынтыктары төмөнкүчө:
- Гран-при — №75 мектеп;
- I орун — №84 мектеп;
- II орун — №67 мектеп;
- III орун — №82 мектеп.
Жеңүүчүлөргө жана сыйлыкка ээ болгондорго грамота жана эстелик белектер тапшырылат.