
Экс-президенттин китеби публицистика жанрында жазылгандыгы белгиленет. Китептин тааныштырылышынан тышкары, Минскте Бакиевдин журналисттер менен жолугушуусу жана андан кийин фуршет өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Учурда ал Беларуссияда жашап жатат. Бакиев жана анын айрым үй-бүлө мүчөлөрү СНГ аймагында жана Интерпол линиясы боюнча издөөдө.