Курманбек Бакиев Минскте Кыргызстан тууралуу жаңы китебин тааныштырууда

Юля Маданий жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Курманбек Бакиев Минскте Кыргызстан тууралуу жаңы китебин тааныштырууда
Минскте 22-октябрда «Виктория-Платинум» мейманканасында Кыргыз Республикасынын качкын президенти Курманбек Бакиевдин «Оордук, сүйүү жана үмүт: менин Кыргызстаным» аттуу жаңы китебинин тааныштырылышы өтөт.

Экс-президенттин китеби публицистика жанрында жазылгандыгы белгиленет. Китептин тааныштырылышынан тышкары, Минскте Бакиевдин журналисттер менен жолугушуусу жана андан кийин фуршет өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Учурда ал Беларуссияда жашап жатат. Бакиев жана анын айрым үй-бүлө мүчөлөрү СНГ аймагында жана Интерпол линиясы боюнча издөөдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Озоданын жеке концерти

Озоданын жеке концерти

Кыргызстанга биринчи сольный концерти менен узбек эстрадасынын жылдызы Озода келет! Сөзсүз биринчи...

Комментарий жазуу: