Кыргызстандык бийчилер БАЭдеги турнирдеги жеңишке жетишти
Кыргызстандык бийчилер Дубайда (БАЭ) өткөн эл аралык турнирдеги жеңишке жетишти.
Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту федерациясы маалымдады.
2017-жылдын 10-декабрында, Бириккен Араб Эмирлигинде жыл сайын өткөрүлүүчү «WDSF International Open taken place in Dubai-2017» аттуу спорттук, бий турнири өттү.
Турнирге Италия, Германия, Финляндия, Польша, Швеция, Россия жана башка көптөгөн европалык жана азиялык өлкөлөрдөн 50 жуп, 15 өлкөдөн спортчулар катышты.
Бул турнирдеги мыкты натыйжаларды Кыргызстандын бий спорту федерациясынын бийчилери көрсөтүштү.
Эресектер Латина категориясында (Отк класс) WDSF International Open taken place in Dubai турнири боюнча, эресек бий жуп Семеренко Артем жана Качалко Валерия биринчи орунду алып, алтын медаль утушту.
Кыргызстандын бий спорту федерациясы президент Сергей Титундин атынан бул мелдештерге катышкан спортчуларга ыраазычылык билдирет.