Кыргызстандын курама командасы «Хоккейная сказка» («Hockey Ice Tale» HIT - 2014) аттуу балдар командаларынын хоккей боюнча Евразия кубогуна даярданууда, ал 20-декабрдан 29-декабрга чейин Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өтөт. Турнир Евразия экономикалык бирлигинин ишинин башталышына арналган.
Курама командага 22 хоккеист кирди, алар Бишкектеги «Шаардык муз аянтында» башкы машыктыруучу Ринат Мустафаевдин жетекчилиги астында даярдык өткөрүшүүдө. Команда 20-декабрда хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Джакыповдун жетекчилиги астында учуп кетет.
Мамлекеттик физикалык тарбия жана спорт агенттиги команданын учууларын каржылоону өзүнө алды, бул 800 миң сомду түзөт. Калган чыгымдар демөөрчүлөрдүн жана спортчулардын ата-энелеринин эсебинен жабылат.
Спорттук иш-чаранын алкагында Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу өлкөлөрүнүн хоккей клубдары менен спортчулар жана делегация жетекчилери арасында бир катар жолугушуулар өткөрүү пландалууда.
Команданы даярдоонун деталдары тууралуу Бишкектеги «Шаардык муз аянтында» журналисттердин катышуусунда хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов айтып берди. Анын айтымында, курама командага 100 хоккеисттен эң күчтүүлөрү тандалды, алар дайыма машыгышат. «Балдар 20-декабрга чейин бул старттарга даярданууга катуу аракет кылышат. Жеңишке мүмкүнчүлүктөр ар дайым болгон жана бар», - деди А. Оморканов.
«Каржылык колдоо көрсөткөн Мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешовго ыраазычылык билдиргим келет. Мурда балдар негизинен ата-энелердин каражаттары менен барып жүрүшчү, баары энтузиасттардын колунда болчу», - деди федерациянын президенти.
Турнирге 12 күчтүү команда катышат: Кыргызстандын, Беларуссиянын, Казакстандын, Латвиянын, Крымдын курама командалары жана Ермак (Ангарск), Русь (Москва), ЦСКА (Москва), Ак Барс (Казань), Локо-04 (Ярославль), Металлург (Магнитогорск), Серебряные Львы (Санкт-Петербург) хоккей клубдары.
21-декабрда «Биринчи канал» (Россия) кубогунун оюнчуларынын катышуусунда турниринин салтанаттуу ачылышы өтөт жана хоккей жылдыздары менен Гала-матч өткөрүлөт.
Курама команданын курамы:
