Паралимпиячылар Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов Корея Республикасындагы Инчхон шаарында өтүүчү Азия Паралимпия оюндарына катышат

Юля Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Паралимпиячылар Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов Корея Республикасындагы Инчхон шаарында өтүүчү Азия Паралимпия оюндарына катышат


14-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева спортчулар — паралимпийци Карабек уулу Талгат жана Арстанбек Базаркулов менен алардын мелдештерге жөнөп кетер алдында жолугушту. Жаш спортчулар 2014-жылдын 16-24-октябрында Корея Республикасынын Инчхон шаарында өтө турган Азия паралимпийдик оюндарына катышат.

Мамлекетте паралимпийдик кыймылды өнүктүрүүнүн жана спортту колдоонун маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан спортчулардын Азия паралимпийдик оюндарына катышуусу үчүн финансылык жардам бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Карабек уулу Талгатка жана Арстанбек Базаркуловго бекем ден-соолук, рухтун күчү жана келе жаткан Азия паралимпийдик оюндарына ийгилик каалады.

Өз кезегинде спортчулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. «Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу паралимпийдик оюндарына 7 спортчу жана машыктыруучулардан турган өкүлчүлүк делегациясы жөнөтүлүп жатат. Бизге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү биздин жардам сураган өтүнүчүбүзгө ыкчам жооп бергенине абдан жагат, анын натыйжасында балалык церебралдык паралич диагнозу бар спортчулар Корея Республикасынын Инчхон шаарында өтө турган Азия паралимпийдик оюндарына катыша алышат», — деди Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпийдик федерациясынын Башкы катчысы Саламат Бекбоев.

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн Аппараты
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Комментарий жазуу: