Республика Кореядан өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу

Юля Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
Корея Республикасынан инвестицияларды өлкөнүн экономикасына тартуу


Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасының биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Корея Республикасынан келген инвесторлор тобун кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев жыл сайын эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары кеңейип, туруктуу өсүп жатканын белгиледи.

«Өкмөт Корея Республикасынан өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууга кызыкдар. Айрыкча, биз Тамчы аэропортун реконструкциялоо, «Каиндин кабель заводу» реабилитациялоо, ири логистикалык борборду куруу, алтын кендерин иштеп чыгуу боюнча инвестициялык долбоорлорду сунуштайбыз», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле Т.Сарпашев инвесторлорго Кыргыз Республикасында банк ачуу аркылуу өлкөнүн финансылык секторуна инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга сунуштады.

Өз кезегинде «Korea Eximbank» аткаруучу директору Им Сонг Хег корей инвесторлору Кыргызстан экономикасына, айрыкча, финансылык секторго, айыл чарбага, кен казуу тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин белгиледи.

«Truben investment» инвестициялык компаниясынын төрагасы Хонг Кенгкын инвесторлорду, биринчи кезекте, өлкөдөгү саясий туруктуулук жана салынган капиталдардын коопсуздугу кызыктырганын айтты.

Өз кезегинде Т.Сарпашев инвесторлорго Кыргызстандын Өкмөтү салынган капиталдардын коопсуздугун камсыздай турганын жана инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууну уланта турганын убадалады.
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппараты
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Комментарий жазуу: