Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940)

VK X OK WhatsApp Telegram
Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940)


Осмонаалы Сыдык уулу (1875- 1940) - генеалогия боюнча окумуштуу, тарыхчы, ХХ кылымдын башындагы просветитель.

Кочкор өрөөнүндө, чоң сарбагыш манап Абайылдан төрөлгөн. Алгачкы билимди өз айылында алган. 1899-жылы жогорку мусулмандар окуу жайында - Уч-Турфандагы медреседе окууга киришкен, ошол эле учурда кыргыздар тууралуу тарыхый генеалогиялык маалыматтарды жыйноого киришкен. Окуусун ХХ кылымдын башындагы Бухара жана Уфа мусулмандар билим борборлорунда уланткан, уйгур, өзбек, татар, казак просветительлери менен жашаган, орус тилин үйрөнгөн, европалык илимий жетишкендиктер менен тааныш болгон (Эдисондун ачылыштары жөнүндө билген).

Эмгектеринде надандыкты жоюуга, билимдүү коомду түзүүгө чакырган. Большевиктик Советтер бийлиги орногондон кийин дагы калкты билим берүү иштерин уланткан, Бишкекте мугалим болуп иштеген.

30- жылдардын аягында, бай-манаптардын тукумдарына каршы кампаниянын чагында, ал Чыгыш Түркстанга качууга мажбур болгон, 1940-жылы үй-бүлөсүнөн алыс жерде дүйнөдөн өткөн.

Анын өмүрүндө жана өзүнүн аракеттери менен эки тарыхый эмгеги жарык көргөн - «Мухтасар тарых-и кыргызийа» - «Кыргыз тарыхынын кыскача жыйнагы» (Уфа, 1913) жана «Тарых-и кыргыз шадманийа» - «Кыргыздардын тарыхы (Шабданга арналып)» (Уфа, 1915) араб графикасында кыргыз тилинде.

1986-жылы «Синьцзян жаштар басмасы» бул эмгектерди Анвар Байтурдун редакциясында бириктирип жарыялаган.

О. Сыдык уулунун «Кыргыз тарыхынын кыскача жыйнагы» аттуу китебинин титулдук барагы, 1986-жылы Урумчиде араб графикасында Анвар Байтурдун редакциясында жарыяланган. Бул китепте О. Сыдык уулунун «Мухтасар тарых-и кыргызийа» (1913) жана «Тарых-и кыргыз шадманийа» (1915) эмгектери кайрадан басылып чыккан.

О. Сыдык уулунун «Кыргыз тарыхынын кыскача жыйнагы» аттуу китебинин титулдук барагы, 1986-жылы Урумчиде араб графикасында Анвар Байтурдун редакциясында жарыяланган. Бул китепте О. Сыдык уулунун «Мухтасар тарых-и кыргызийа» (1913) жана «Тарых-и кыргыз шадманийа» (1915) эмгектери кайрадан басылып чыккан.О. Сыдык уулунун «Кыргыз тарыхынын кыскача жыйнагы» аттуу китебинин титулдук барагы, 1986-жылы Урумчиде араб графикасында Анвар Байтурдун редакциясында жарыяланган. Бул китепте О. Сыдык уулунун «Мухтасар тарых-и кыргызийа» (1913) жана «Тарых-и кыргыз шадманийа» (1915) эмгектери кайрадан басылып чыккан.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Байтур Анвар (1938-1991)

Байтур Анвар (1938-1991)

Байтур Анвар (1938-1991), заманбап кыргыздардын ири окумуштуусу, тарыхчы. Ак-Суу шаарынан жакын...

Калыгул БАЙ УУЛУ

Калыгул БАЙ УУЛУ

Калыгул БАЙ УУЛУ(1785-1855)-ойчул, «заманисттер» философиясынын өкүлү, Борбордук Азиядагы суфийдик...

Кебек-уулу Нурлан

Кебек-уулу Нурлан

Кебек-уулу Нурлан Скульптор. 197) жылы 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боконбаево айылында...

Молло НИЯЗ

Молло НИЯЗ

Молло НИЯЗ (1820-1896) - акын, ойчул жана билим берүүчү. Кыргызстандын түштүгүндөгү Шаймерден...

Никишов Петр Петрович

Никишов Петр Петрович

Никишов Петр Петрович (1917), тарых илиялардын доктуру (1973) Орус. Ставрополь крайында төрөлгөн....

Комментарий жазуу: