Грек-рим күрөшү боюнча спортчу Акжол Махмудовго Бишкекте эки бөлмөлүү батир белек кылышты

Спортчу жакында Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду
Акжолду бүгүн Ош облусунда, анын туулган жеринде урматтоо менен тосуп алышты. Ошол жерде курулуш компанияларынын биринин ээси Жоомарт Акжол уулу ага Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Махмудов мындай белекти күтпөгөнүн билдирди.
"Мен мындай чоң белекти күтпөдүм. Жогорку Кеңештин депутаты Торобай Зулпукаровго батир берүүнү сунуштаганы үчүн, Жоомарт Акжол уулуна белеги үчүн рахмат", — деди Махмудов.
Ал Бишкекте ижарада жашаганын кошумчалады.
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча спортчу Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Махмудов казакстандык Демеу Жадраев менен 72 килограмм салмак категориясында күрөшүп, башында казакстандык төрт упай алды, бирок кыргызстандык кооз бир ыргытма жасап, беш упай алды. Натижеде Махмудов күрөшүн 8:6 эсебинде жыйынтыктады.
Махмудов менен Жадраевдин финалдык күрөшү континенттик чемпионаттын экинчи күнүндөгү эң мыкты күрөш болуп калды.
Ошондой эле, анын чемпионаттагы ыргытмасы эң мыкты ыргытмалардын бири деп таанылды.