Эл аралык чемпионат International Beauty Championship

12-14-октябрь Эл аралык Beauty Чемпионаты
2018-жылдын 12-14-октябрында beauty-индустриясынын адистеринин арасында жылдын эң күтүлгөн жана грандиоздуу окуясы – Эл аралык Чемпионат International Beauty Championship өтөт. Фестиваль Кыргызстандагы жыл сайын өткөрүлүүчү сулуулук индустриясынын атайын көргөзмөсү «Beauty Expo 2018» алкагында өтөт.
Чемпионаттын көз карандысыз аянтчасында дүйнөнүн бардык жеринен келген мыкты адистер, мектептердин жана салондордун ээлери, статусу жогору судьялар чогулат. Бул жерде сулуулук индустриясындагы эң жаңы профессионалдык маалыматтар жана заманбап техникалар топтолгон. Фестивалга катышуу аркылуу сиз мода, стиль жана чыгармачылык илхам дүйнөсүнө кире аласыз.
Чемпионаттын алкагында өтөт:
2018-жылдын 12-октябры:
— Эл аралык команда чемпионаты beauty-индустриясы Full Fashion Look 2018
— Эл аралык маникюр боюнча чемпионат Nail Artist 2018
2018-жылдын 13-октябры:
— Эл аралык чач жасалгалоо искусствосу боюнча чемпионат OllinCollorFestival 2018
— Эл аралык эң мыкты чач жасалгалоочу чемпионат Best Barber 2018
2018-жылдын 14-октябры:
— Эл аралык визаж боюнча чемпионат Fashion Kaleidoskope 2018
— Эл аралык Brow-мастерлер арасында чемпионат Brow Expert 2018
Чемпионаттын катышуучуларын эл аралык деңгээлдеги чемпион наамы үчүн күрөшүндө колдоого келиңиз! Сизди унутулгус шоу, кызыктуу, эксклюзивдик программа, көптөгөн кызыктуу эмоциялар жана жаркын таасирлер күтөт!
Уюштуруучу: BEAUTY MED
Чемпионат өтүүчү дарек: Бишкек ш., Ахунбаев көч., 97 Манеж КГАФКиС
Телефон: +996 (551) 97 67 35
E-mail: [email protected]
Чемпионатка келгендер үчүн билеттер:
1 күн – 300 сом (5 USD чет өлкөлүктөр үчүн)
2 күн – 500 сом (8 USD чет өлкөлүктөр үчүн)
3 күн – 600 сом (9 USD чет өлкөлүктөр үчүн)