Бишкекте «Оймо-2014» эл аралык фестивалы өтөт

Бүгүнкү жылдын 25-июлунда Кыргызстандын борбору Бишкекте «Оймо-2014» эл аралык фестивалынын тогузунчу жолу башталат. Ар жылы өтүүчү бул иш-чара республика үчүн маданий жана туристтик жактан абдан маанилүү болуп саналат. Анткени «Оймо» фестивалы ар түрдүү маданияттардын диалогун өнүктүрүүгө жана катышкан өлкөлөр арасында ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди орнотууга жардам берет. Бул иш-чара ошондой эле туризм, маданият жана кол өнөрчүлүк рыногун өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде өлкөнүн имиджин жакшыртууга жана толеранттуулук идеяларын жайылтууга көмөктөшөт.
Мындан тышкары, фестиваль өлкөдө гана эмес, борбордук Азиянын бардык регионунда стабилизатордук жана оң фактор болуп саналат.
Быйылкы жылы «Оймо» эл аралык фестивалы Бишкекте 25-27-июлдар аралыгында Эркиндик бульварынын аллеясында, Ала-Тоо кинотеатрында өтөт. Ал эми 28-июлдан 3-августка чейин фестиваль Чолпон-Ата шаарындагы парктын аянтында улантылат.
Фестивалдын негизги максаты - эл аралык туризмди, кол өнөрчүлүктү жана фольклордук салттарды колдоо, ошондой эле Кыргызстанды маданияттар ортосунда активдүү диалог үчүн регионалдык платформа катары илгерилетүү, элдер ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөө. Иш-чаранын форматы салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдериндеги концерттер, кол өнөрчүлүк ярмаркасы, ар түрдүү мастер-класстар, салттар жана адаттар, ошондой эле кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү жана экологиялык акцияларды камтыйт.
Фестивалга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Россия, Индия, Түркия, Кытай, Афганистан жана башка бир катар өлкөлөрдөн 150дөн ашык кол өнөрчү келет. Иш-чарага көптөгөн туристтер жана коноктордун катышары күтүлүүдө.
Ар жылы өтүүчү «Оймо» фестивалынын уюштуруучулары - Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбордук Азия Ассоциациясынын ресурстук борбору (CACSARC-kg) жана республикадагы маалымат, туризм жана маданият министрлиги.
Эзот: easttime.ru