19-21-сентябрда Биринчи Бишкек Дизайн Фестивалы өтөт

Творческое Объединение Salt and Pepper Design бардык кызыккан адамдарды 2014-жылдын 19-сентябрынан 21-сентябрына чейин өтө турган "Bishkek Design Festival" фестивалына катышууга чакырат.
Эгер сиз искусствого кызыксаңыз, биздин чыгармачыл командага кошулууга чакырабыз! Сиз азыр эле негизги багыттардын координаторлору менен байланышып, фестивалга кандай жардам бере алаарыңызды биле аласыз (же билдире аласыз). Мындай волонтердук катышуу өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү көрсөтүүгө, уктап жаткан таланттарыңызды ачууга, ошондой эле досторду жана пикирлештерди табууга мүмкүнчүлүк берет! Биз үчүн эң кичинекей жардам да ар дайым маанилүү! Кошулуңуз, фестивалды уюштуруу боюнча даярдык иштери башталды.
"Bishkek Design Festival" фестивалына катышуу үчүн волонтерлор командасын тартууну каалайт, алардын милдеттерине төмөнкү негизги багыттар кирет:
- Интернетте иштөө (форумдар, социалдык тармактар)
- АКШдан спикерлерди коштоп жүрүүчү менеджерлер (англис тилин билүү милдеттүү)
- Казакстан жана Өзбекстандан спикерлерди коштоп жүрүүчү менеджерлер
- Билеттердин чын экендигин текшерүүчү менеджерлер
- Бейджиктерди контролдоо боюнча менеджерлер
- Кэйтеринг боюнча менеджерлер
- Сураштыруулар боюнча менеджерлер
- Техникалык жардамчылар
- Флаерлерди таратуу
- Фестивалдын күнү уюштурууга жардам берүү
Заявкаларды берүү 2014-жылдын 7-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Волонтерлордун координатору:
Айдай Шаршекеева
Байланыш маалыматтары:
Тел: 0702404962
Email: [1][email protected]
[email protected]