
Кыргызстандык Айжамал Осмонова Малайзияда 11-31-декабрда өткөн Miss Tourism Internetional сулуулук сынагында Miss Portret наамын жеңип алды.
АКИpress агенттигине А.Осмонова өзү билдиргендей, бул жыл сайын өткөрүлүүчү сулуулук сынагы, анда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.
«Бул жылы сынакта 60 кыз 60 өлкөдөн катышты - ТМД, Европа, Латын Америкасы жана башка өлкөлөр. Сынак, биринчи кезекте, улуттар ортосунда достукту куруу жана туризмди популяризациялоо максатында уюштурулган», - деди ал.
Ал 3 жума бою өткөн сынакта графиктин тыгыздыгын белгиледи.
«Биз таңкы саат 6да туруп, бир сааттын ичинде өзүбүздү даярдап, саат 7де таңкы ас менен камсыздалдык. Андан кийин ар кандай шоу программалар ар кайсы жерлерде өттү. Ошондой эле, биздин өлкө — Кыргызстан жөнүндө көпчүлүк билбегендиктен, кыйынчылыктар болду. Алар биздин өлкөнү Кургузстан, Курдистан жана даже Казахстан деп аташып жатышты. Бирок мен ошол учурларда микрофонду алып, тууралап жаттым», - деди ал.
Анын айтымында, сулуулук сынактарына катышкан көпчүлүк модельдердин акыл-эси жок деген сөздөр ошол жерде чындыкка айланган.
«Алар Кыргызстанды, жалпы эле Совет Союзун билбей калышты. Мен аларга бардык нерсени айтып беришим керек болду, Кыргызстан жөнүндө жакшы пикир калыптансын деп. Мен биздин салттар жөнүндө айтып, бийлеп, ырдаганды үйрөттүм. Сынактын финалы Жаңы Жылды кароодо — 31-декабрдан 1-январга караган түндө өттү. Мен жашоомдогу биринчи жолу Жаңы Жылды сахнада каршыладым. Ошол жерде мага Miss Portret наамын беришти. Ал эми биринчи орунду Венесуэладан келген кыз жеңип алды», - деди ал.
А.Осмонова билдиргендей, негизги номинацияларды Латын Америкасы жана коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрү — Тайланд, Индия, Кытай жана Филиппиндер жеңип алышат.
Ал Малайзияга биринчи кезекте өлкө жана анын маданияты жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн барганын, саякаттоону сүйөрүн, өз ара алмашууну белгиледи.
«Ошондой эле, бардык катышуучу өлкөлөрдүн элчилери жана консулдары чакырылган бир кечке катыштым. Менин кубанычым үчүн Кыргызстандын Малайзиядагы убактылуу элчиси жана анын жубайы келишти. Мен абдан кубанычта жана сыймыктандым», - деп жыйынтыктады ал.
Источник: culture.akipress.org