Эл аралык органикалык форум 2014

Юля Афиша
VK X OK WhatsApp Telegram
Эл аралык органикалык форум 2014


4-6-ноябрда Бишкекте Эл аралык органикалык форум 2014 «Кыргыз Республикасынын органикалык кыймылынын тажрыйбасы жана IFOAM Евразия тармагы өлкөлөрүнүн кызматташуу маселелери» өтөт. Органикалык кыймылдын өкүлдөрүнүн он бир өлкөдөн катышуусу күтүлүүдө. Форумдун алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциянын традицияга айланган көргөзмө-ярмаркасы өтөт.

Форум эки параллель блоктон турат:

1) Көргөзмө-ярмарка 2014-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кожомкул атындагы Спорт сарайында, Бишкек шаарында өтөт. Келүү каалагандар үчүн акысыз.

2) Форумдун алкагында конференция 2014-жылдын 5-6-ноябрында, саат 09:30дан 16:00гө чейин А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын чоң залында өтөт (иш-чаранын программасы кошумчаланып, катышуучулардын тизмеси макулдашылат).

Форумдун жана көргөзмө-ярмарканын уюштуруучусу «Bio-KG» органикалык кыймылынын Федерациясы, ИККО Фондуунун филиалы, Германиянын эл аралык кызматташтык коомдоштугу (GIZ), ХЕЛЬВЕТАС Швейцария Интеркооперациясы, Кристенсен Фонду, «Тоолук өнөктөштүк» уюму, Ага Хан Фонду жана башка уюмдардын колдоосу менен болуп саналат.

Эл аралык органикалык форум 2014 «Кыргыз Республикасынын органикалык кыймылынын тажрыйбасы жана IFOAM Евразия тармагы өлкөлөрүнүн кызматташуу маселелери» алкагында жергиликтүү жана чет элдик эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү экология, жашыл экономика, табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Уюштуруучулардын байланыштары:

Телефон: 0 (312) 36-55-65, 0 (770) 19 55 48
Электрондук почта: [email protected]
Веб-сайт
Форумдун Facebookтагы баракчасы
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Жоробекова Шарипа

Жоробекова Шарипа

Жоробекова Шарипа (1945), химия боюнча доктор (1988), профессор (1990), КР НАН академиги (2000)...

Комментарий жазуу: