Аскар Акаев Симон Кузнецтин Нобель сыйлыгынын лауреатынын алтын медалын алды

Аскар Акаев Симон Кузнецтин Нобель сыйлыгынын лауреатынын алтын медалын алды
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев эл аралык илимий конгресс «Глобалистика – 2015» учурунда Саймон Кузнецтин Нобель сыйлыгынын алтын медалын алды. Бул конгресс Бириккен Улуттар Уюмунун 70 жылдыгына арналган.

Илимий конгресс 26-28-октябрда М.В. Ломоносов атындагы МГУда өттү. Анын ишине 50 өлкөдөн 700дөн ашык илимпоз катышты. Конгресстин катышуучулары глобализация, мамлекеттер аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты, ошондой эле экономикалык жана саясий туруктуулук доорунда бардык өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги максаттарын белгилешти.

Аскар Акаев Конгресстин ачылышында пленардык жыйын өткөрдү жана үч илимий доклад менен чыкты. Алгачкы докладдын темасы мындай болду: «Кризистен чыгуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн жаңы экономикалык парадигма». Экинчи билдирүүсүндө академик Акаев дүйнө үчүн жаңы энергия-экологиялык стратегияны иштеп чыгуу боюнча иштердин жыйынтыктарын баяндады.

«Глобалистика – 2015» эл аралык конгрессинин апофеозу жаңы социалдык-экономикалык өнүгүү теориясын жана глобалдык процесстерди компьютердик моделдөө боюнча өзгөчө салым кошкон илимпоздорду Саймон Кузнецтин Нобель сыйлыгынын алтын медалы менен сыйлоо болду. Медалдын ээси болгон профессорлор Юрий Яковец (Россия), Герхард Менш (Германия) жана академик Аскар Акаев (Кыргызстан) болду.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent