Боконбаев Кулубек Джоомартович (1940), геология-минералогия илимдеринин доктору (1993), профессор (2000), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1997).
Кыргыз. Фрунзе шаарында туулган. Москва геология-барлоо институтун (1963) жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын (1968) аяктаган.
Геология башкармалыгында инженер-геолог, старший инженер, м.н.с., с.н.с., лабораториянын жетекчиси, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын илим боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын табигатты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, айлана-чөйрөнү коргоо министри, КРСУдагы «Экопроект» борборунун директору, учурда - КР Жогорку Кеңешинин спикеринин кеңешчиси болуп иштеген.
Петрология, минералогия, геохимия, экологиялык геохимия, жалпы экология тармагында адис. Эл аралык информатизация академиясынын академиги (1996). «Почет белгиси» ордени (1986), Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (1979), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1993), Кыргыз Республикасынын медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери (1994). 190дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 6 монографиясы жарыяланган. Анын жетекчилиги астында биринчи кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Севердик Кыргызстандагы герцин граниттеринин минералогиясы жана геохимиясы (биргелешип авторлук). Фрунзе, «Илим», 1983. 2. Рудо түзүүчү флюиддик системаларды түзүүнүн гидродинамикалык аспекттери. Забайкальядагы метасоматоз жана рудо түзүү маселелери. Новосибирск, «Наука», СО, 1985. 3. Ортолук Азиядагы магматизмдин эволюциясы (биргелешип авторлук). Москва, «Наука», 1986. 4. Тянь-Шан гранитоиддери: генезис маселелери, континенттик кыртыштын түзүлүшүндөгү ролу, рудо берүүсү. Тянь-Шан каледониддери. Фрунзе, «Илим», 1987. 5. Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу (биргелешип авторлук). Бишкек, 1998.