Федорчук Виктор Порфентьевич

Федорчук Виктор Порфентьевич (1921),
геология-минералогия илигинин доктору (1968)
Одесса облусунун Троицкое айылында төрөлгөн.
Орта Азия өнөр жай институтунун геология факультетин (1944) аяктаган.
«Средазцветметразведка» трестинде инженер-геолог болуп иштеген, ошол эле тресттин Хайдаркан партиясынын башкы геологу, Орто Азия геология жана минералдык чийки зат институтунун орун басары, Минералогия, геохимия жана сейрек элементтер институтунун орун басары, Минералдык чийки зат экономикасынын Бүткүл Союздук институтунун директору болуп иштеген.
Геология тармагында адис.
Ленин ордени, СССР медалдары менен сыйланган.
Киргиз ССРинин эмгек сиңирген геологу (1972).
100дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган.