Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында 22-чи эл аралык универсалдык көргөзмө-ярмарка «Бишкек» өз ишин баштады
Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциянын көргөзмө-ярмаркасы ачылды
Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык, табигый продукциянын көргөзмө-ярмаркасы өтүп жатат.
Көргөзмө-ярмарка – ден-соолукка пайдалуу жана даамдуу продукциянын гастрономиялык майрамы, борбордун тургундарына жана конокторуна арзан баада сапаттуу товарлардын кеңири тандоосун сунуштайт. КРнын бардык бурчтарынан 80ден ашык өндүрүүчү компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.
Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт сарайында 22-чи эл аралык универсалдык көргөзмө-ярмарка «Бишкек» ишин баштады.
«Бишкек-» көргөзмөсү Кыргызстандагы телекоммуникациялар жана маалымат технологиялары, химиялык өнөр жайы, транспорт жана логистика, жеңил өнөр жайы тармагында маанилүү окуя болуп саналат. Бул күндөрү жогоруда аталган тармактарда адистешкен ишканалар жана компаниялар бардык жаңылыктарды жана алдыңкы тажрыйбаны калкка жана адистерге сунуштоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүккө ээ. Өз кезегинде көргөзмөгө келгендер, продукция жана кызматтар тууралуу биринчи колдон маалымат ала алышат.
«Бишкек-» көргөзмөсүндө Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн 80ден ашык фирма жана компания өз продукцияларын сунушташты.
Отечестволук компаниялардын жана ишканалардын потенциалын тааныштыруу максатында көргөзмөнү Беларусиядан 12 ишкананын жетекчилери зыярат кылат.
Бул жерде коноктор жана борбордун тургундары парфюмериялык-косметикалык продукция, жеңил өнөр жайынын жаңы өнүмдөрү, ошондой эле тамак-аш, айыл чарба продукциясы, алкогольсуз жана алкогольдүү ичимдиктер, запастык бөлүктөр жана жабдуулар, телекоммуникациялар жана маалымат технологиялары, банктын технологиялары, жабдуулар жана кызматтар, үй техникасы, мебель жана интерьер, коопсуздук системалары, коопсуздук, куткаруу каражаттары жана өрттөн коргоо, канцелярдык товарлар жана башка көптөгөн нерселер менен таанышып, сатып ала алышат.
Көргөзмөгө жыл сайын 9000ден ашык адам катышат, алардын 40% жогорку квалификациялуу адистер.
«Бишкек-» көргөзмө-ярмаркасы 30-октябрдан 3-ноябрга чейин өтөт, иш убактысы күн сайын 10дан 18ге чейин.