
НБКРдин орун басары Азат Козубеков пресс-конференцияда инфляцияга ички факторлордун таасири, айрыкча электр энергиясынын жана турак-жай-коммуналдык кызматтардын тарифтеринин өсүшү тууралуу айтып берди.
Ал ошондой эле, үй-бүлөлөрдүн жана бизнес структураларынын инфляциялык күтүүлөрү туруктуу болуп, орто деңгээлде экенин белгиледи.
«Валюталык рыноктогу абалдын туруктуулугу жана Улуттук банктын жүргүзгөн акча-кредит саясатына декабрь 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү жылдык инфляция 9,4% түзгөнү оң таасир этет. 2026-жылдын башынан бери баалардын өзгөрүү темптери мурдагыдай эле калууда», - деп кошумчалады ал.
Козубеков азык-түлүк товарларынын инфляция структурасындагы баалардын өсүшүнүн жайлашы тууралуу да баса белгиледи.
«Анткен менен, кызматтардын жана азык-түлүк эмес товарларынын баалары жогору деңгээлде калууда, бул ички суроо-талаптын өсүшү жана экинчи эффекттер менен байланыштуу. 2025-жылы НБКР 9% дан 11% га чейин үч эсе пайыздык ставканы жогорулатуу чечимин кабыл алды, азыркы учурда ушул ставкалар иштеп жатат. Биз баалардын туруктуулугун сактап, негизги максатыбыз - инфляцияны орто мөөнөттүү перспективада 5,7% деңгелинде кармоо үчүн акча-кредит шарттарын колдоону улантуудабыз», - деди орун басар.