
Пресс-конференцияда Кыргызстандын Улуттук банкынын орун басары Азат Козубеков 2025-жылдын аягына чейин өлкөнүн банктарынын кредиттик портфели 506 миллиард сомду түзөрүн билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы кредиттик портфель 48,8%га жогорулады.
«Биздин өлкөдө кредит берүүнүн өсүш темптери абдан жогору бойдон калууда», - деди Козубеков.