
ГЧП борборунун долбоорлорунун портфелинде 90дан ашык демилге бар, жеке инвестициялардын суммасы 434 млрд сомдон ашат.
Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктен алынган маалыматка ылайык, учурда 65 ГЧП долбоору активдүү ишке ашырууда.
2025-жылы транспорт, логистика, айыл чарба, экология жана калдыктарды башкаруу, туризм, билим берүү жана байланыш сыяктуу тармактарда 14 жаңы ГЧП келишими түзүлгөн. Бул Кыргыз Республикасынын экономикасына 3,9 млрд доллардан ашык жеке инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берди.