Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, 2026-жылдын 21-январында тигүү тармагындагы кырдаалды талкуулаган кеңейтилген жыйын өттү. Иш-чарага экономика жана соода министринин орун басарлары — Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар аткарылган иштерди жана мамлекет башчысынын койгон тапшырмаларын ишке ашырууга багытталган чараларды талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча актуалдуу маселелер боюнча негизги чечимдер аныкталды:
- логистикалык коридорлорго финансылык жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
- тигүү продукциясынын экспортун жогорулатуу шарттарын түзүү;
- чет элдик адистерди тартууну жөнгө салуу;
- заманбап тармактык лабораторияны түзүү.