
Бишкекте «АгроДиалог-2026» аттуу агропромышлендык форум өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында Нарын облусунун Ак-Тал районунун фермери Акылбек Абдылдаев сафлордун артыкчылыктары тууралуу маалымат бөлүштү.
Абдылдаевдин айтымында, ал учурда сафлор майын литри үчүн 200 сомго сатууда. Мындан тышкары, фермер бул өсүмдүктөн мал үчүн жем чыгарууда, ал 1 килограммы 25 сомго сатылат.