
Кыргызстандын Улуттук банкы 20-февралга карата чет элдик валюталардын сомго болгон расмий курстарын жаңыртты.
Регулятордун маалыматына ылайык, төмөнкү курстар белгиленди:
АКШ доллары (USD) — 87,45 сом;
Евро (EUR) — 103,19 сом; (азыркыдан төмөндөө)
Рубль (RUB) — 1,14 сом; (азыркыдан жогорулоо)
Тенге (KZT) — 0,17 сом;
Юань (CNY) — 12,65 сом.
Бишкектеги коммерциялык банктарда доллар орточо 87,30 сомго сатып алынат, ал эми анын сатуу баасы 87,80 сомду түзөт. Россиялык рубль орточо 1,13 сомго сатып алынып, 1,16 сомго сатылат.