
Бюджет жана финансылар комитети, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү боюнча бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды. Бул мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сунушу менен даярдалган.
Экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланова бул мыйзамдык өзгөртүү кредиттик маалыматтар боюнча укуктук базаны жакшыртууга багытталганын белгиледи. Ал «мыйзам долбоору кредит алгандардын кредиттик маалыматтарын сактоо мөөнөтүн кыскартууну камтыйт, бул алардын кредиттерге жеткиликтүүлүгүн жеңилдетет, банк системасына жүктөмдү азайтат жана кичи жана орто бизнес секторунун өнүгүшүнө көмөктөшөт» деп айтты.
Депутаттардан келип түшкөн талкуулар жана сунуштардын натыйжасында, мыйзам долбоору терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн беш жылдан эки жылга, ал эми оң кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн жети жылдан беш жылга кыскартууну сунуштайт.