
Ведомствонун маалыматына ылайык, Казакстан менен чектешкен "Ак-Жол" контролдук өткөрмө пунктунун жанында товардык эсепте "Дайсон" маркасындагы электр жабдыктары бар эки унаа табылган.
Унаада 44 фен жана 66 плойка документтерсиз болгон.
Бул окуя боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаттары айып пул токтотуучу жайга коюлган.