Максат Чакиев: Туризм бизнесинин өкүлдөрү Кыргызстанга 35 млн сом тартты
Туризм департаментинин жетекчиси жергиликтүү бизнесмендердин эл аралык жарманкелердеги катышуусунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Жергиликтүү туристтик бизнес өкүлдөрү 4 эл аралык туристтик жарманкеге катышты. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев билдирди. Көргөзмөлөр Москва, Екатеринбург, Новосибирск жана Алматыда өттү. Департаменттин жетекчисинин айтымында, жергиликтүү бизнесмендер туристтик тармакта чет өлкөлүк туристтик компаниялар менен 300дөн ашык келишим