
19-январда транспорт жана байланыш министринин биринчи орун басары болуп Бекназар Токтосунович Базаралиев дайындалды.
Министрликтин маалыматына ылайык, ал ведомствонун кызматкерлерине расмий шартта тааныштырылды.
Дайындама боюнча буйрук 16-январда өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлду. Бул боюнча, Талантбек Осмонбекович Солтобаев биринчи орун басар министр кызматынан бошотулду.
Транспорт жана байланыш министри Абсаттар Сыргабаев Бекназар Базаралиевге куттуктоо билдирип, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.