
Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу Саудия өнүктүрүү фондунун финансылык колдоосу менен экинчи этаптын алкагында курула турган жаңы мектептердин тизмесин сунуштады.
Анын билдирүүсүнө ылайык, кредит боюнча келишим 50 миллион доллар сумманы, 1,5% пайыздык ставканы жана 25 жылдык мөөнөттү камтыйт.
Саудия өнүктүрүү фондунун каражаттарына курула турган мектептердин тизмеси:
Бишкекте:
«Биримдик-Кут» турак жай массивинде жайгашкан жалпы билим берүү мектеби — 750 орун«Алтын-Ордо» турак жай массивинде жайгашкан жалпы билим берүү мектеби — 750 орун«Кут» турак жай массивинде жайгашкан жалпы билим берүү мектеби — 750 орун«Балык-Кумара» көчөсүндө жайгашкан жалпы билим берүү мектеби, Орто-Сай айылында — 500 орун«Улан» микрорайонундагы жалпы билим берүү мектеби — 750 орун«Келечек» турак жай массивиндеги №87 мектебинде кошумча корпус — 360 орун«Аламедин-1» микрорайонундагы №38 мектебинде кошумча корпус — 450 орун«Ала-Тоо» турак жай массивиндеги №82 мектебинде кошумча корпус — 1000 орун11-микрорайондогу №63 мектебинде кошумча корпус — 360 орунКойбагарова көчөсүндөгү №63 мектебинде кошумча корпус — 300 орун«Касым» турак жай массивиндеги №83 мектебинде кошумча корпус — 650 орунМаевкадагы мектепте кошумча корпус — 275 орунЧүй облусунда:
Аламедин районундагы Васильевка айылындагы жалпы билим берүү мектеби — 275 орунИссык-Ата районундагы Карагай-Булак айылындагы А.Сулайманов атындагы жалпы билим берүү мектеби — 150 орун.