
Ашхабадда 20-чы жетекчилик кеңешинин сессиясы жана СПЕКА Фондуунун жетекчилик комитетинин экинчи жыйыны өткөрүлдү.
Юстиция министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы 2026-жылга СПЕКА Программасынын төрагалыгына шайланды.
Бул роль КРга эл аралык имиджин бекемдөө, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана СПЕКА Программасын өнүктүрүүгө активдүү катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Мындан тышкары, бул иш-чаралардын маанилүү жыйынтыгы СПЕКА Фондуунун ишин баштоо үчүн зарыл документтердин кабыл алынышы болду, ал Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырат.
Маалымат үчүн:
СПЕКА Программасынын жетекчилик кеңеши жыл сайын жыйын өткөрүп, программаны жалпы башкарууну, стратегиялык приоритеттерди аныктоону, жумушчу пландарды бекитүүнү, отчетторду карап чыгууну жана тематика боюнча жумушчу топтордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууну жүргүзөт.