Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги балдар бакчаларынын тарбиячылары жана жетекчилери үчүн жаңы стандарттарга ылайык билим берүү курсун жарыялады. Бул тууралуу 2026-жылдын 27-январында министрликтин өкүлдөрү менен Ага Хан Фонду ортосунда өткөн жолугушууда маалым болду.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы башкы директору Давлатсултон Доргабеков талкууга катышты.
Проект мугалимдерди жаңы стандарттарды эске алуу менен окутууну жана ар бир баланын индивидуалдуу муктаждыктарына жооп берген инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн түзүүнү камтыйт.
Проектти ишке ашыруу Ага Хан Фондунун колдоосу менен жана Республика боюнча педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институту, Кыргыз билим берүү академиясы, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрү жана Бишкек педагогикалык институту менен кызматташтыкта жүргүзүлөт.
