
Учурда өлкөнүн бардык аймактарында лицензиялоо процесси Ички иштер министрлигинин активдүү бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө. 8 000ден ашык жеке адамдар жана 300 юридикалык жак лицензия алышты. Жарандардан келген көптөгөн суроолордун негизинде, Ички иштер министрлиги такси кызматын лицензиялоонун мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Лицензияларды берүү Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.