
Рахманов ошондой эле бул маалыматтын калк арасында туура түшүнүлбөй жатканын белгилеп, мамлекеттик банктар жана Улуттук банк менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын айтты. «Көпчүлүк бул салык деп жаңылыш ойлошот, бирок чындыгында бул банктын пайыздык ставкасынан сөз болуп жатат», — деп кошумчалады ал.