
Жалпы салынган айыптардын суммасы 8,838 млн сомду түздү, анын ичинен 6,936 млн сому төлөнгөн. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө берилген компенсациялар 111,057 млн сомду түздү. Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн эсептелген жалпы эмгек акы 14,726 млн сомду түздү.
Ишинин жүрүшүндө кызмат 120 соттук экспертиза өткөрдү, 236 эмгек коргоо боюнча окуу иш-чараларын уюштурду, жарандардан 1306 жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кабыл алды жана 6541 оозеки кеңеш берүү кызматын көрсөттү.
Кызмат эмгек мыйзамдарын сактоого болгон туруктуу көзөмөлдүн кызматкерлердин укуктарын коргоого, эмгек тартибин жогорулатууга жана жумушчу орундарында коопсуздукту камсыздоого багытталгандыгын баса белгилейт.