
Кыргызстандын борбору Бишкекте, «Аэропорттор Кыргызстаны» акционердик коомунун жаңы 25 кабаттуу «Авиатор» бизнес-центринин курулушу боюнча амбициялуу долбоорун жарыялады. Бул имарат заманбап дизайны жана уникалдуу архитектурасы менен айырмаланып, бизнес жана мейманкана функцияларын, ошондой эле авиациядан илхам алган элементтерди бириктирет.
Авиация стилинде жасалган имаратта офис жана бизнес аянтчалары, ресторандар, дүкөндөр, мейманкана жана стартаптар менен креативдүү компаниялар үчүн көптөгөн башка жайлар камтылат. Дизайнердик чечимдер учуу жана технологиялык прогресс темаларын чагылдырат.
«Авиатордун» өзгөчөлүктөрүнүн бири имараттын чатырына жайгаштырылган вертолеттук аянтча болот. Бул жаңылык борбордун концепциясын жана жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүгө жана мобилдүүлүккө басым жасоону баса белгилейт.
План боюнча, «Аэропорттор Кыргызстаны» акционердик коомунун туунду структурасы болгон Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек жана анын айланасындагы бизнес жана туристтик сапарлар үчүн вертолеттук рейс кызматтарын көрсөтөт. Жакын арада компания бул максаттар үчүн вертолет сатып алууну пландап жатат.
«„Авиатор“ долбоору бизнес, инвесторлор жана борбордун коноктору үчүн жаңы тартылуу борбору катары ойлонулуп, заманбап, инновациялык жана амбициялуу Бишкекти символдойт», — деп белгиледи «Аэропорттор Кыргызстаны» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.