





Кара-Балтада жаңы мэр Алмазбек Исаковдун расмий тааныштыруусу болду. Иш-чараны Чүй облусундагы КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу учурунда Азамат Осмонов Исаковдун чоң тажрыйбасы бар экенин белгилеп, анын башкаруусунда муниципалдык кызматтар туруктуу өнүгүүгө жана шаардыктарды кызыктырган маселелерди чечүүгө умтулушат деген үмүтүн билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл мэрия кызматкерлеринин командалык иштөөсүнүн зарылдыгын, ошондой эле калкка болгон жоопкерчиликтин жана өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттерди аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Алмазбек Исаков болсо, ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, эффективдүү башкаруу, шаардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу жана анын тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшарын убада кылды.