
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, министр Жээнбек Кулубаев Комор аралдары Союзунун тышкы саясат мекемесинин башчысы Мбае Мохамед менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Талкуу учурунда министрлер жогорку деңгээлдеги эки тараптуу визиттерди уюштуруу пландары жана көп тараптуу платформаларда кызматташуу маселелерин козгошту.
Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн күн тартибин активдүү кеңейтүүгө даярдыгын билдиришип, туруктуу жумушчу байланыштарды сактоонун зарылдыгы боюнча макулдашышты.