
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өз билдирүүсүндө атайын даярдыктагы полкту президентке түздөн-түз баш ийдирүү тууралуу ушактар чындыкка дал келбестигин тастыктады.
Тийиштүү жарлыкка кол коюлгандыгы тууралуу маалыматтар эч кандай ишенимдүү негизге ээ эмес.
Атайын даярдыктагы полк өзүнүн адаттагы режиминде ишин улантууда.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана журналисттерди расмий маалымат булактарына таянууга жана текшерилбеген маалыматтарды таратуудан качууга чакырат.